ŮƵ

Кара-Жыгач токойчосунда бак тигүү

Кара-Жыгач токойчосунда бак тигүү

14&Բ;апреля&Բ;2025

#цга#CCE

Өткөн ишембиде Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу боюнча салтка айланган акция өткөрүлдү. Ал БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан жыл сайын эки ирет апрель жана октябрь айларында өтүүчү “Жашыл айдын” алкагында уюштурулду.

Бул жолу акцияга 100дөн ашуун ыктыярчылар катышты. БААУнун студенттеринен тышкары бак тигүүгө борбор калаанын №12, №63, №67 жана №79 мектептеринин окуучулары, Interact Club of Bishkek Эл аралык жаштар кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери жана активдүү шаар тургундары катышты.

Бак тигүүгө БААУнун президенти Тимоти О'Коннор да катышты. Журналисттер менен болгон маегинде ал акциянын маанилүүлүгүн белигледи: “Мекенчилдик жөнүндө көп сүйлөсө болот, бирок бүгүнкү акция - бул терең мекенчилдиктин белгиси. Биз убактыбызды башка нерселер менен алектенип өткөрсөк болмок, бирок биз ушул жерде турабыз. Бул шаарга жана жалпы өлкөгө колдоо көрсөтүү. Муну менен биз коомдун туруктуу бекем өнүгүүсүн камсыздоодобуз десем жаңылышпайм. Башкача айтканда, биз “глобалдык деңгээлде ойлонуу, жергиликтүү деңгээлде аракеттенүү” принцибин карманышыбыз керек”.

“Кара-Жыгач токойчосу” экопаркы долбоору жети жылдан бери ишке ашырылып келет: 2018-жылы Бишкек мэриясы, Борбордук Азиядагы Америка университети жана Франко-Кыргыз Экотуризм ассоциациясы (AFKE) аталган долбоорду биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Анын максаты – сейил бактын экосистемасын калыбына келтирүү, стихиялык түрдө бак-дарактардын кыйылуусуна бөгөт коюу, сейил бактын аймагын жашылдандыруу.

Кара-Жыгач токойчосу – Бишкектин илгерки парктарынын бири. Ал 1881-жылы окумуштуу-багбан, Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Алексей Фетисов тарабынан негизделген. 100 жылда парктын аймагы 215 гектарга жеткен. Тилекке каршы мыйзамсыз бак кыйуулар менен өз алдынча жерлерди басып алуунун натыйжасында токойчонун аймагы дээрлик эки эсеге кыкарып кеткен.

Акциянын алкагында 255 даана бактар менен бадалдар отургузулду. Алар гибискус, бузина, лигуструм, клён, липа, платан, жапайы алма жана карагайлар.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028