ŮƵ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун Мейкерспейси: технологиялар, чыгармачылык жана жаңы билимдер

7&Բ;августа&Բ;2025

Жаңы окуу жылынынбашталышына бир айдан аз убакыт калды – андыктан канткенде алдыдагы окуу жылын чынында пайдалуу жана кызыктуу кылуу керек экендигин ойлонуу үчүн эң ыңгайлууучур. БААУнун Мейкерспейси – бул Кыргызстанда аналогу жок жападан жалгыз уникалдуу билим берүүчүлүк жана чыгармачылык мейкиндик. Мында сиз жаңы билимдерди өздөштүрөсүз, билимдериңизди тереңдетесиз жана өзүңүз үчүн технологиялар менен чыгармачылык ааламын ача аласыз. Окутуу программалары бардык жаш курактагы угуучуларгаылайыкташкан жана жеке жана топтук форматтар сунушталат.

Мейкерспейстин окутуу программаларын шарттуу түрдө бир нече багытка бөлүп карасак болот:

Даярдоо курстары

Эл аралыксынактарды ийгиликтүү тапшырып, университетке окууга тапшырууга жол ачат. Бул багыттын алкагында төмөнкү сынактарга даярдануу боюнча курстар жеткиликтүү: TOEFLiBT, TOEFL PBT, IELTS, SAT, Duolingo. Ошондой эле TOEFL сынап көрүү сынагы менен IELTS боюнча тестирлөөдөн өтүүгө мүмкүн. Мындан тышкары БААУга окуугатапшырууга даярдык өткөрүлөт: ELPT, Essay Writing, Math сынактары, ошондой эле Жалпы республикалык тестирлөөнүн математикалык бөлүгүнө.

Тил курстары

Тилди үйрөнүүнүнөлдөн баштоого же бар болгон билимдерди тереңдетүү мүмкүнчүлүгү бар. Англис тили, кыргыз тили, испан тили жана орус тили курстары жеткиликтүү. Окутууонлайн жана офлайн, жеке жана топтук форматтарда өткөрүлөт. 13-16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн атайын программа каралган.

IT тармагындагыкурстар

Суроо-талапка ээ санариптик ыкмаларды өздөштүрүүгө багытталган практикалык-багыттуупрограммалар. Алардын арасында: C#, Data Science, Cisco, Python, долбоордук башкаруу, frontend- жана backend-иштеп чыгуу, UX/UI-дизайн, веб иштеп чыгуунуннегиздери. Ошондой эле балдар үчүн атайын программа бар: “Балдар үчүн программалоо”.

Инженердик-техникалыккурстар

Техникалык ой-жүгүртүү менен чыгармачылык жол тутууну өнүктүрөт. Бул жерде лазердик кесүү,ширетүү, 3D-басып чыгаруу, сандык-программалык башкаруу технологиялары, Arduino, винилдик кесүү жана кийимге басып чыгаруу бар. “Мейкерспейс менентаанышуу” атайын курсу мейкиндикке тез көнүп кетүүгө жардам берет.

Балдар өсүүакадемиясы

7-12 жаштагы балдарүчүн программа. Технологиядан тарта чыгармачылыкка чейин ар кандай тармактарда окутуу аркылуу байланыш ыкмалары менен дүйнө таанымды өнүктүрөт.

Бизнес курстар жанатренингдер

Кесипкөйлүк жанаинсандык ыкмаларды өнүктүрүүгө басым жасайт. Тема өзүнө убакытты башкаруу,эффективдүү байланыштар, soft skills`ди өнүктүрүү жана квалификацияныжогорулатууну камтыйт.

Курстар тууралуукенен маалымат – баракчасында

Сурап-билүү үчүн телефондор:

‪+996 502 915 022

‪+996 550 915 022

<< Назад к списку