“Тил жана ой жүгүртүү” багыт алуу апталыгы-2025 – “Келечекке көпүрө”
8&Բ;августа&Բ;2025
Биздин бардык биринчи курсубуздун студенттерин БААУга окууга өтүүсү менен куттуктайбыз! Сиздерди алдыда ар тараптуу сабактар, жаркын класстан тышкаркы ишмердүүлүк жана жаңы тажрыйбасы бар 4 жыл күтүп турат. Баары жеңил жана жөнөкөй болот деп убада бере албайбыз, бирок кызыктуу болоруна шек жок!
Дүйшөмбү, 11-августта биринчи курстар үчүн “Тил жана ой жүгүртүү” – “Келечекке көпүрө” багыт алуу апталыгы-2025 башталат. Анын милдети – кечээки мектеп окуучуларына университетте билим алууга өтүүгө жардам берүү. Сабактардын учурунда сиз окутуу чыгармачылык жана кызыгуу менен айкалышкан БААУнун билим берүүсүнө сабактар аралык жана интенсивдүү жол тутуу менен таанышасыз. Биринчи курстун студенттери университеттин эрежелери менен салттары, америкалык билим берүү үлгүсү, курстарды тандоо, сабактардын түрлөрү тууралуу билип алышат. Көнүшүүгө жогорку курстун студенттери да жардам бербей коюшпайт.
Бирок багыт алуу программасы – бул окуу гана эмес, ошондой эле баарлашуу жана кызыктуу убакыт өткөрүү. Анан дагы дал ушул учурда студенттер достор менен санаалаштарын табышат. Мындай достук адатта студенттик мезгилде гана эмес, а өмүрлүк болуп калган учурлар көп кездешет.
Эске салсак: бардык 1-курстун студенттери БААУнун кампусунда 11-август күнү саат 8:00дө чогулушат!
Багыт алуу апталыгынын жүгүртмөсү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://auca.kg/en/acad_orientation_program_about/.
БААУнун коомчулугу программанын башталышын чыдамсыздык менен күтүүдө жана жаңы студенттерди чоң кубаныч менен тосуп алууга даяр!
Ал эми ага чейин келиңиздер былтыркы багыт алуу апталыгы кандай болгонун карап көрөлү. Анда эмесе сүрөттөр сүйлөсүн!