Академиялык инновациялык фонддун грантына сыйлык
12&Բ;августа&Բ;2025
. Белгилей кетсек, аталган гранттар ЖОЖдордун каалаган сабактары боюнча изилдөөчүлүк дараметин жогорулатуу жана университтердин, секторлордун ортосунда кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган академиялык жана изилдөөчүлүк долбоорлорду каржылоого бөлүнөт.
Долбоор ЖОЖдордо изилдөөлөр менен инновацияларды стимулдаштыруу аркылуу Кыргыз Республикасында жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Долбоор беш окуу жайдын базасында өзгөчө макамдагы Инновациялар жана изилдөөлөр борборлорун түзүү, экономиканын приориттеттүү тармактарында университеттер аралык изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү колдоо үчүн Академиялык инновациялык фондду түзүү, ошондой эле ЖОЖдордун сапатын камсыздоо системасын жакшыртуу менен аккредитациялоолор сыяктуу демилгелерди колдоону максат кылган.
Академиялык инновациялык фонддун максаты изилдөөлөрдү жүргүзүү жана академиялык өнүктүрүүгө гранттарды бөлүп берүү аркылуу менчиктин формасынан жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнөн көз карандысыз түрдө инновациялыарды жана ЖОЖдордун окутуучулары менен изилдөөчүлөрүнүн билим берүү дараметин өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.
- Гранттын максималдуу суммасы: 200 000 АКШ доллары
- Долбоордун максималдуу узактыгы: 36 айга чейин
- Жол берилбеген чыгымдар: курулуш, айлык акы, стипендия, транспорт сатып алуу
Гранттык өтүнмөлөргө карата негизги талаптар:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылы 5-июнунда чыккан Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында каралган өлкөнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарына ылайык келүү,
- Изилдөөчүлүк долбоорун ишке ашыруу же билим берүү программасын академиялык өнүктүрүү боюнча чаралардын ишке ашыруу планынын так сүрөттөмөсү,
- Реалдуу суроо-талаптын негизинде учурдагы программаларды модернизациялоо же жаңы программаларды түзүү,
- Маалыматтык-байланыштык технологияларды билим берүүгө интеграциялоо, дисциплиналар аралык жол тутуулар
АИФтин гранттык колдоосунан күтүлүп жаткан жыйынтыктар (ар бир долбоорго гана таандык болгон индикаторлордон тышкары):
- Изилдөөчүлүк азыкты даярдоо же долбоордун жетишкендигин көрсөткөн өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгын берүү.
- Академиялык программаны иштеп чыгуу же модернизациялоо же бекитилген талаптарга ылайые аккредитация.
- Академиялык билимдердин өнүгүүсүн камсыздаган изилдөөлөрдүн тиешелүү багыттары боюнча илимий макалаларды даярдоо дана жарыялоо.
- Жаңы өнөктөштүктөрдү жаратуу жана башка ЖОЖдор, мекемелер жана кызыкдар тараптар менен кызматташтыкты орнотуу. Тараптар кызматташтык тууралуу Меморандумдар менен расмий тастыкталышы керек.
Ким өтүнмө берип кайрыла алат:
• Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке университеттеринин бардык дисциплиналар боюнча иштеп жаткан окутуучулар жана изилдөөчүлөр;
• Бирдей упай алынган учурда артыкчылык төмөнкүдөй өтүнмөлөргө берилет: аялдар жетектеген долбоорлорго, студент кыздарды камтыган, социалдык жактан аярлуу топтордун өкүлдөрүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тарткан долбоорлорго.
КИМДЕР ӨТҮНМӨ БЕРИШИ МҮМКҮН:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке университеттеринин бардык дисциплиналар боюнча иштеп жаткан окутуучулар жана изилдөөчүлөр;
- Бирдей упай алынган учурда артыкчылык төмөнкүдөй өтүнмөлөргө берилет: аялдар жетектеген долбоорлорго, студент кыздарды камтыган, социалдык жактан аярлуу топтордун өкүлдөрүн жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тарткан долбоорлорго.
ӨТҮНМӨ ТАПШЫРУУ ТАРТИБИ
1-баскыч: Долбоордун идеясынын кыскача концептин тапшыруу
Тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын , саат 24:00гө чейин
Долбоордун идеясынын кыскача сүрөттөмөсүн берүү үчүн өтүнмө формасы АИФ гранттык программасын ишке ашыруу боюнча Колдонмонун 1-тиркемесинде берилген. Бул документти Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтынан жүктөөгө болот:
Тапшырылган өтүнмөлөр (долбоордун кыскача идеясы) талаптарга шайкештиги боюнча бааланат жана шайкеш келген талапкерлер экинчи баскычка катышууга чакырылат.
2-баскыч: Долбоордун деталдык сунушун даярдоо жана тапшыруу
Тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 23-октябры, саат 24:00гө чейин
Деталдык долбоордук сунушунун формасы АИФ гранттык программасын ишке ашыруу боюнча Колдонмонун 2-тиркемесинде берилген. Бул документти Кыргыз Республикасынын Илми, билим берүү жана инновациялар министрлигинин расмий сайтынан жүктөөгө болот:
Кыскача долбоор идеялары тандалып алынган талапкерлер үчүн АИФ Секретариаты гранттык өтүнмө формасын толтурууда жана деталдуу долбоордук сунушту даярдоодо көмөк көрсөтүү максатында бир катар семинарларды уюштурат.
Ошондой эле, маалымат Изилдөөлөр жана инновациялар борборлору (ИИБ) түзүлгөн жогорку окуу жайларынын сайттарында жеткиликтүү болот:
- Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
- Кыргыз улуттук агрардык университети
Өтүнмө тапшыруу жана консультация алуу үчүн контакттар:
Электрондук почта: aifgrant2025@gmail.com
Иш телефону: +996 312 317 016
Инновациялык идеяларыңызды ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өз салымыңызды кошуу мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарбаңыз!