ŮƵ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“ЕККУнун тарыхы – креативдүү диорамалардын жарманкеси”

1&Բ;сентября&Բ;2025

Бейшемби, 28-августта БААУнун Мейкерспейсинде “ЕККУнун тарыхы – креативдүү диорамалардын жарманкеси” иш-чарасы болуп өттү. Саамалык ЕККУнун 50 жылдык мааракесин белгилөөнүн бир бөлүгү болуп калды.

Көргөзмөдө ар кандай көркөм формаларда жаратылган отуз оригиналдуу диорамалар тартууланды. Алардын ар бири ЕККУнун Борбордук Азиядагы талаа миссияларынын колдоосу астында ишке ашырылган долбоорлордун өзүнчө тарыхтарын чагылдырды. Авторлор уюмдун ишинин маанилүү багыттарын көрсөтүүгө гана эмес, ошондой эле кызматташунуун, иллюзиянын жана баарлашуунун баалуулугун баса белиглөөгө да жетишишти.

Долбоордун өзгөчөлүгү эмгектердин бир бөлүгүнүн үстүндө өзгөчө керектөөсү бар жана социалдык кыйынчылыктарга кабылган жаштардын иштегендигинде. Мындай жол тутуу БААУнун жана ЕККУнун социалдык катышуу жана инклюзивдик демилгелерди колдоого умтулуусун дагы бир ирет тастыктады.

Салтанатта куттуктоо сөздөрүн БААУнун президенти Тимоти О’Коннор, Элчи Алексей Рогов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, ошондой эле БААУнун Мейкерспейсинин директору Нариса Турдиевалар айтып өтүштү.

БААУнун президенти өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Биз ЕККУнун тарыхына арналган көргөзмөнү ачып жатабыз. Бул окуя чоң мааниге ээ. Ал биздин окуу жайда көңүл чордонунда болуп келген бир нече маанилүү темаларды бириктирүүдө: билим берүү, чыгармачылык жана өзгөчө маанилүү болгон позитивдүү жарандык катышуу. Бул көргөзмө көпчүлүктү шыктандырат деген ишенимдемин. Долбоордун катышуучуларынын баарына эр жүрөктүүлүгү жана салымы үчүн ыраазычылык билдирем. ЕККУга өнөктөштүк үчүн ыраазычылык билдиребиз”.

Расмий ачылышынан кийин коноктор көргөзмө менен кенен таанышуу, авторлорго суроо узатуу жана көрсөтүлөн эмгектерди талкуулоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Иш-чаранын атмосферасын инклюзивдүү мүмкүнчүлүктөрү бар балдардын музыкалык чыгуулары толуктады. Кече Мейкерспейстин террасасында уюштурулган фуршет менен жыйынтыкталды. Анда катышуучулар ушул сыяктуу демилгелерди өнүктүрүү тууралуу таасирлери жана идеялары менен алмашышты.











<< Назад к списку