ŮƵ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

ЖРТ-2025тин Алтын сертификатынын ээси Акмарал Азаматова

4&Բ;сентября&Բ;2025

Нарын облусунун Кочкор районунун бүтүрүүчүсү Азаматова Акмарал Жалпы республикалык тестирлөөдө 232 упай чогултуп, Алтын сертификатка ээ болгон. Жетишилген ийгиликтери ага БААУга жол ачып, ал Software Engineering факультетине тапшырды. БААУда билим алуу анын кыялы болчу. Андыктан Акмарал ийгилик сыры жана келечекке пландары менен бөлүштү.

— Саламатсызбы! Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

— Саламатсызбы, менин аты-жөнүм - Азаматова Акмарал. 18 жаштамын. Мен Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлүп-өскөм. Жалпы республикалык тестирлөөдө 232 упай чогултуп, Алтын сертификатка ээ болдум.

— Эмне себептен дал БААУга окууга тапшырууну чечтиңиз?

— БААУда билим алуу балалык кыялым болчу. 4-классымда Билимкананын олимпиадасына катышууга келип, биринчи жолу БААУнун кампусунда болгом. Кампус мени таң калтырган жана мен ал жакта окууну чечкем. Мындан тышкары мага ар бир студенттин өз дараметин ишке ашыра алуусу жагат. Эч кандай тоскоолдуктарсыз өз өнөрүн ачып, өзүнүн күчтүү тараптарын өнүктүрө алат. Ошондой эле билим берүүнүн инновациялык усулдары колдонулган билим берүү системасы да бар.

— Алтын сертификат сиз үчүн күтүүсүз болдубу же максат ошол беле?

— Башынан эле ага жетүү максатын койгом, анткени БААУда билим алгым келчү. Ошондуктан 11-классымдан тарта тырышчаактык менен окуй баштадым. Башка окуу жайларды дээрлик караган жокмун, анткени ушул жерде билим алууну аңдап-сезип баштагам.

— Кайсы факультетти тандадыңыз жана эмне үчүн?

— Мен Software Engineering факультетин тандадым, анткени так илимдерге кызыгам, өзгөчө математикага. Мен программалоо жана математикада ыкмаларымды өнүктүргүм келет.

— БААУда билим алуудан эмнелерди күтөсүз?

— Мыкты билим алууну жана аларды иш жүзүндө пайдаланууну. Алмашуу программаларына катышып, жаңы адамдар менен таанышкым, дүйнө таанымымды кеңейтким келет. Анан албетте студенттик жашоомдо унутулгус эмоцияларды баштан кечирсем дейм.

<< Назад к списку