ŮƵ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Социология хаоско каршы: кантип илим Бишкекти өзгөртө алат?

12&Բ;сентября&Բ;2025

Бишкек тездик менен өнүгүп, өзгөрүп жатат. Шаар кеңейип, жаңы тургундар көчүп келип, үйлөр курулуп, ишканалар ачылууда. Бирок өнүгүү менен бирге көйгөйлөр да жаралууда: тыгындар, толуп ташкан мектептер, экологиялык кризис.

Жолдорду, мектептерди, турак-жайларды куруу боюнча чечимдер кантип кабыл алынып жатат? Шаарды эмненин негизинде пландаштырышууда? Интуициянын негизиндеби? Жеке божомолдордун негизиндеби? Же болбосо адамдардын жашоо шартынын жана эмнеге муктаж экендигинин негизиндеби? Социологдор айтышат: шаарды сокур башкарууга болбойт. Изилдөөлөрсүз тургундардын чыныгы муктаждыктарын түшүнүү жана иштөөчү чечимдерди түзүү мүмкүн эмес.

Шаар тыгын учурунда: Бишкек кантип тыгынга тумчугуп жатат

Күн сайын эртең менен Бишкекте тыгын. Акыркы 10 жылда унаалардын саны эки эсеге көбөйдү.

Бүгүнкү күндө калаанын жол тармагы 350 миң автоунаага ылайыкташканы менен иш жүзүндө 600 миңден ашуун унаа катталган. Мэрдин айтымында, шаарда күнүнө 700 миңден ашык унаа жолго чыгат.

Жаңы жолдордун курулушу көйгөйдү чече албайт. Шаар тургундары кантип жол жүрүшөт, эмне үчүн алар жеке транспортту тандашат, кайсы каттамдар эң көп тыгын жана коомдук транспортту колдонууга эмне тоскоол болуп жатканын түшүнүшүбүз керек.

Бул жерде социологиялык изилдөөлөр керек. Бул жашоочулардын реалдуу адаттарын жана муктаждыктарын аныктоого жардам берет. Мына ушул маалыматтардын негизинде гана биз маршруттарды оптималдаштырып, коомдук транспортту өнүктүрүп, келечектин шаардык мобилдүүлүгүн камсыздай алабыз.

Партасыз балдар: Бишкектеги мектеп кризиси

Бишкектин билим берүү тармагы оор абалда. Кээ бир мектептерде бир класста 50-60 бала окуйт. Үч жылдын ичинде окуучулардын саны 61398 адамга өстү — бул 35 пайыздан жогорку көрсөткүч дегенди билдирет. Жаңы мектептердин курулушу бул темпти кубалап жете албай жатат.

2025-жылы муниципалдык мектептердин саны 18 пайызга гана өскөн. Бирок бул жетишсиз. Маселени чечүү үчүн жаңы мектептердин кайсы аймакка керек экенин, балдар райондор боюнча кандай бөлүштүрүлгөнүн так билүү кажет. Ошондой эле кандай программалар суроо-талапка ээ жана ата-энелердин оюн билүү да максатка ылайык болот.

Социологиялык изилдөөлөр толук сүрөттөлүштү берет: сурамжылоолор, демографиялык анализ жана билим берүү артыкчылыктарын иликтөө. Бул маалыматтарсыз жаңы мектептерди ачууну туура пландаштыруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу мүмкүн эмес.

Маселени чечүүнүн жолу бар! Бирок ал биз издеп көнгөн жерде эмес

Ооба. Бирок биз туш келди иш кылууну токтотушубуз керек. Бүгүнкү күндө жарандар кандай жашап, эмнени каалап жатканын түшүнбөй туруп көптөгөн чечимдер кабыл алынууда. Бул каталарга жана натыйжасыз долбоорлорго алып келет.

Социология фактыларды чогултууга, жашыруун байланыштарды көрүүгө жана реалдуу иштеген чечимдерди сунуштоого жардам берет. Бул адамдардын жашоосу, ой жүгүртүүсү жана чечимдери жөнүндөгү илим. Бишкекке сандар менен адамдардын таржымалын бириктире алган адистер керек.

Социологдор статистикадан да көптү көрүшөт. Алар бизге бир башкаруучулук чечим транспортко, билимге, экономикага жана адамдардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир тийгизерин түшүнүүгө жардам берет.

Шаардын татаал чакырыктарын чечүү үчүн божомолдоо эмес, а далилдер керек. Биздин коом компетенттүү изилдөөчүлөргө болуп көрбөгөндөй муктаж.

Бишкектин келечеги саясатты илимий маалыматтарга таянуу менен жүргүзүүгө канчалык даяр экенибизден көз каранды. Кеңири масштабдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруудан мурун биз реалдуулукту изилдешибиз керек: фактыларды чогултуу, адамдардын маанайын жана муктаждыктарын түшүнүү.

Социология туура суроолорду берүүгө жардам берет: ким жеңет, ким утулат, адамдардын жашоосунда эмне өзгөрөт? Анализден кийин гана баарына пайда алып келе турган чечимдер кабыл алынышы мүмкүн.

Илим жана изилдөө маалыматтары жашоого ыңгайлуу шаарларды курууга жардам берет. Божомолдорго эмес, а маалыматтарга канчалык тез таяна баштасак, топтолгон көйгөйлөрдү ошончолук тез чече алабыз.

Сиз изилдөөлөрдү БААУнун социология кафедрасынын адистерине буйрутма берсеңиз болот.

Социологияны изилдегиңиз келеби? БААУда сизге кантип окууга тапшыруу жана бул актуалдуу багыт боюнча заманбап билим алуу керек экендиги тууралуу айтып беришет.

Материал агенттигинин сайтында жарыяланган.

<< Назад к списку