ŮƵ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

ЖРТ-2025тин Алтын сертификатынын ээси Саадат Шаршембиева

12&Բ;сентября&Բ;2025

Жалпы республикалык тестирлөөдө 232 упай чогутуп, Алтын сертификатка ээ болгон КОСУнун мектебинин 17 жаштагы бүтүрүүчүсү Саадат Шаршембиева. Мындай жогорку көрсөткүчтүн негизинде Саадат БААУда акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду! Бизге курган маегинде Саадат келечектеги пландары тууралуу айтып, болочок абитуриенттерге кеңешин берди.

— Алгач өзүңүз тууралуу эки ооз кеп.

— Саламатсызбы! Менин аты-жөнүм - Шаршембиева Саадат, 17 жаштамын. Быйыл КОСУнун орто билим берүү мектебин аяктадым жана ЖРТда 232 упай менен Алтын сертификатка ээ болдум. Учурда БААУда “Экономика” быгыты боюнча билим алууну баштадым.

— Эмне себептен дал БААУга окууга тапшырууну чечтиңиз?

— Анткени БААУ окуу менен бирге окуудан тышкаркы активдүүлүктөрдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Ошондой эле окутуунун англис тилинде өтүлгөндүгү жана окуу жай дисциплиналар аралык ыкманы колдонуусу да маанилүү болду.

— Алтын сертификат сиздин тандооңузга кандай таасир тийгизди?

— Алтын сертификат мага акысыз бекер билим алуу укугун берди. Бул менин тандоомдо чечүүчү фактор болду.

— Эмне себептен “Экономика” факультетин тандадыңыз?

— Анткени мага социалдык илимдер кызык. Экономика кенен тармак жана алган билимдер келечекте эмне менен алектенсем да пайдалуу болот деп эсептейм.

— БААУда билим алуудан эмнелерди күтүп атасыз?

— Алдыдагы 4 жылым билим алуу, жаңы таанышуулар, ар тараптуу тажрыйба жана иш-чаралар менен толот деген үмүттөмүн.

— БААУга окууга тапшырууну каалагандар үчүн сиздин каалоо-тилектериңиз.

— Баарына сынактарда ийгиликтерди, чыдамдуулукту жана күч-кубат каалайм. Силерди бул жакта көрүүгө кубанычта болобуз!

<< Назад к списку