ŮƵ

БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

ŮƵ HIGHLIGHTS

Программалык инженерия факультети

БААУнун “Программалык инженерия” бакалавриат программасы программалык камсыздоону иштеп чыгууга системалык жол тутуу, эксплуатациялоо жана коштоону колдоно алган, программалык камсыздоону жаратуу жана долбоорлоо процессинде инженердик принциптерди пайдалана ала турган адистерди даярдайт.... Read More

Эко-чүкөлөрдү жасоо боюнча мастер-класс

БААУнун Мейкерспейсинде эко-чүкөлөрдү жасоо боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Аны Таш-Мойноктун Сакин Бегматова атындагы орто мектебинин окуучулары “Жашыл БААУ” программасынын алкагында БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору менен кызматташтыкта жана анын колдоосу астында өткөрүштү.... Read More

Айзада Сулайманкулова менен видео-маек

Бул видео-интервьюда Айзада Сулайманкулова өзүнүн БААУдагы окуу жана кесипкөйлүк жолу тууралуу айтып берет.... Read More

БААУнун өкүлдөрү IDEC 2025 санариптик билим берүү боюнча Эл аралык конференцияда эки сыйлыкка арзышты

2025-жылдын 1-октябрында Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучулары Наталья Коростелева (SEBA) жана Екатерина Комбарова (CTLT) Narxoz (Казакстан) университетинде орун алган International Digital Education Conference 2025 (IDEC 2025) конференциясына катышышты.... Read More

БААУда усулдук сабак: башталгыч класстарда математиканы окутуу

Өткөн аптада БААУда мектептердин математкиа мугалимдери үчүн кезектеги усулдук сабак өткөрүлдү. Иш-чараны Жарандык активдүүлүк борбору жана “Колдонмо математика жана информатика” факультети Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу астында уюштурду.... Read More

Илимий конференция: «Борбордук Азияда интеграция жана байланыш үчүн санариптик жолдору»

С5+1 Жаштар Кеңеши «Борбордук Азияда интеграция жана байланыш үчүн санариптик жолдору» темасында илимий конференциясын өткөрөт.... Read More